Төрт-Көчөдө эки тараптуу жолугушуу өттү

0
1248

Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов жана Тажикстандын Исфара районунун башчысы Баховадин Баходурзода  жетектеген эки тараптуу делегация Төрт-Көчөдө жолугушту.  

Райондук бийликтен билдиришкендей, жолугушууда Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн аймагына Тажикстандын Ворух анклавынан  келүүчү таза суу маселеси каралды. 

Ошондой эле сугат суу маселеси эки тараптуу каралып,  суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленип, макулдашылбаган аймактарда курулуш иштерин болтурбоо жана ирригациялык, маселелер да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында аталган маселелерди чечүү,  боюнча иш алып баруу жагы  макулдашылды, – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here