Баткендин төрт тургуну мыйзамсыз алтын казууга шектелип кармалды 

0
435

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кадамжайдын “Ничкесуу” кенинен мыйзамсыз алтын рудасын алып чыгууга Баткендин төрт тургуну айыпталып жатканын кабарлады. 

“Шектүүлөр уруксат берүүчү лицензиясы жок,  кол өнөрчүлүк ыкмасы менен иштетүү максатында алтын кендерин өзгөчө ири өлчөмдө жашыруун тартып алышкандыгы такталды,” – деп айтылат маалыматта. 

Учурда  алар,  жазык кодексинин  “өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо” беренеси менен айыпталып, Баткен райондук соту аларды эки айга камоо өкүмүн чыгарды. 

Атайын кызмат азыркы тапта, бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо максатында ыкчам-иликтөөлөрдү улантууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here