Прагадагы кыргыз кызы Канышай: Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкум келет

0
4575

Таттуу кыялдарын ишке  ашырып, чет өлкөдө жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, эмгектенип жаткан  кыргыз кызы, Баткендик Канышай Шералиева менен ийгилигинин сырлары боюнча сүйлөштүк. Ал чет жактан алган билим тажрыйбасын, мекенинде инновациялык ачылыштарга жумшоого ынтызар экенин билдирди.

-Саламатсыңбы Канышай, алгач окурмандарыбызга өзүң тууралуу айтып берсең

Мен 30 жаштамын, Баткен шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө төртөөбүз, эки эжем жана бир агам бар.  Апам орто мектепте мугалим болуп эмгектенет. Өзүм Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто  мектепти аяктаган соң, Бишкектеги Кыргызстан Эл аралык университетинде, байланыш жана телекоммуникация системаларынын инженери адистиги боюнча билим алгам.

Атам “Кыргыз телекомдо” иштегендиктен, ушул адистикти тандап алганым ошондон болсо керек. 2014-жылы окууну аяктаган соң, «Кыргыз Телекомдун» Баткен филиалында алты ай гана иштедим.

-Демек чет өлкөгө чыкканга чейин эле жогорку билим алган турбайсыңбы,чет өлкөдө окуу боюнча ой кандайча пайда болду?

Ооба,бирок мен ошентип кесибим боюнча көп иштебедим. Мени дайыма эл аралык жана бейөкмөт уюмдарда иштөө кызыктыргандыктан, Баткендеги «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук уюмунда алгач волонтер, кийин бара-бара долбоордун координатору болуп иштеп баштадым. Бул жааттагы жумушум,  мага Европа өлкөлөрүнүн биринен билим алууга түрткү болду.

Өтүнмөнү тапшыраардан мурда,  мен Европанын кайсы бир өлкөсү менен тааныша турган программаларды издеп,таптым. Ал өлкө Чехия болду.

2018-жылы #aiesec программасынын алкагында мен Чехияга учуп барып, бир жарым ай аралыгында ар кайсы мектептердеги билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү менен тааныштым. Ошондо да мага Чехия эң сонун билим алуу мүмкүнчүлүгү жана жашоо шарты жакшы өлкө катары жакты.

Үйгө кайтып келгенден кийин Прагадагы университеттердин биринде магистратурада окуйм деп чечтим. Ошентип, Метрополитен университетинин эл аралык мамилелер боюнча магистратурасын бүтүрдүм.

-Чет өлкөдө билим алгысы келген жаштарга, биринчи кезекте кандай кеңеш берет элең

Тил курстарында окууну кеңеш берет элем, Бул сизге тезирээк ыңгайлашууга жардам берет. Мисалы, чех тилин тандасаңыз, анда университетте окуу бекер болот. Мен англис тили боюнча магистратурада окугум келгендиктен, англис тили курстарына жазылып, билим алдым.

-Учурда эмне менен алексиң?

Учурда Прагада жашайм, камсыздандыруу компанияларынын тейлөө борборунда координатор болуп иштейм. Мен бул адистикти тандаганым себеби, мен өлкөлөрдүн тарыхын, мамилелерин жана бул мамилелерди кантип жакшыртууга болоорун изилдөөнү жакшы көрөм. Магистратурада эл аралык коопсуздук, эл аралык мамилелер теориясы, европалык мамлекеттердин саясий системалары, трансулуттук миграция жана башка ушул сыяктуу программалар бар.

-Билим берүү тармагында мүмкүнчүлүктөр көп болсо керек?

Чехияда Мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү дээрлик бирдей. Билим сапаты абдан жогору.

Ар бир университеттин өзүнүн онлайн системасы бар, анда бардыгын, университет жөнүндө маалыматты, сабактарыңыздын графигин, үй тапшырмаларын, китептерди жана предметтер боюнча материалдарды таба аласыз. Бул абдан ыңгайлуу, убактыңызды пландаштырсаңыз болот. Ал жерден сиз университеттин китепканасынан керектүү китепти буюртма кылсаңыз болот, сиздин университетиңиздин эсебине китеп даяр деген билдирүү келип, аны алып кетесиз. Университет көптөгөн стажировкаларды жана алмашуу программаларын сунуштайт, сиз жөн гана аракет кылып, жакшы окууңуз керек.

-Прагада жашоо кандай, мүмкүн болсо сүрөттөп берсең

Бул жерде чет элдик студенттер, жалпысынан туристтер өздөрүн коопсуз сезишет. Мындан тышкары, Прага тынч, жайлуу шаар, анын үстүнө, башка европалык өлкөлөрдөн айырмаланып, өтө кымбат эмес. Бул жерде климат жумшак, катуу үшүк жана чыдагыс ысык жок. Бир сөз менен айтканда, Чехия сапаттуу билим алууну каалагандар жана ошол эле учурда Европанын борборунда, жашоо шарты эң сонун болгондор үчүн идеалдуу.

Прагада коомдук транспортту кантип уюштурганын жактырдым, метро, трамвай, автобустар бар. Ар бир аялдамада келүү убактысы жазылган такта турат, мен алардын белгиленген убакыттан кеч келгенин көргөн эмесмин. Мындай тактык сапарыңызды мүнөтүнө чейин пландаштырууга мүмкүндүк берет. Прагада жашап, шаар абдан таза, коммуналдык кызматтар мыкты иштейт, Кыргызстандын, Бишкектин көчөлөрүндө ушундай тазалыкты көргүм келет, бул тартипке жарандардын өздөрү да салым кошот, бардык жерде таштанды челектери бар, эч ким баштыктарды, бир жолу колдонулуучу чөйчөктөрдү жана майлыктарды ыргытпайт. Мага климаты да жакты, абдан жумшак, катуу суук жана катуу ысык жок, жашыл бак көп, шаардын айланасында токойлор бар, жайында достор менен сейилдеп чыкса болот. Ошондой эле белгилеп кетким келет, менде эч кандай өзгөчө кыйынчылыктар болгон жок, мен климатка жана жергиликтүү маданиятка тез көнүп кеттим, чехтер бизге менталитети жагынан бир аз окшош, алар абдан ачык жана достук мамиледе.

-Кыргызстанды сагынсаң керек?

Сагындым. Туулган жеримди, кыргыз элимди жакшы көрөм. Анан  биздин тамактар, биздин мөмө жемиштер эң даамдуу экен. Өзгөчө  Баткендин күрүчүнөн жасалган ашты, бышкан өрүктөрүн сагындым.

-Алдыда пландарың кандай?  

Илимий даражамды жогорулатып, чет өлкөдөгү эл аралык уюмдарда иштегим  келет. Ар кандай долбоорлордо инвестиция, гранттарды тартуу менен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкум келет. Биздин Кыргызстан да, Борбор Азиядагы өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет деп ишенем. Ал эми менин кичи мекеним Баткен шаарында жашоого, билим алууга Прагадагыдай шарттар түзүлгөн убакыт келет.Ал эми жаштарга, сапаттуу билим алууга умтулуп, чет өлкөдөн программаларды, курстарды издеп окуп, өлкөбүзгө жаңы, инновациялык ачылыштарды  алып келгиле демекчимин.

-Канышай, маегиң үчүн чоң рахмат,ишиңе ийгилик каалап, ой максаттарың орундалышына тилектешпиз.

Рахмат.

Маектешкен Ч.Бердикулова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here