Бүгүн, 6-августта Лейлектин Раззаков шаарындагы борбордук базарда кеңсе буюмдарын саткан контейнерден өрт чыгып, бир өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт саат 12:24тө чыгып, толугу менен саат 12:40та өчүрүлгөн. Кырсыкта жабыркаган 16 жаштагы өспүрүм, Раззаков шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок көз жумган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат, – деп айтылат маалыматта.