Баткенде жети айда 9,2 миллион сомго 14 долбоор бекитилди

0
150

Финансы министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусу боюнча ушул жылдын жети айына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 9,2 млн сом суммасында 14 долбоор бекитилди.

Анын тогуз долбоору Кадамжай, районунда, бир долбоору Лейлек районунда, эки долбоору Кызыл-Кыя шаарында, дагы эки долбоор Сүлүктү шаарына бекитилген. Алардын ичинен эки мектеп, бир саламаттыкты сактоо мекемеси, жети инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилери, эки маданий маанидеги объектилер жана эки бала бакча долбооруна дем берүүчү гранттар берилген.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь