Бүгүн 25-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.
Аталган уюм эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланышын өнүктүрүү максатын көздөйт.
Жолугушууда Кыргызстан менен АКШ арасындагы соода алакасын мындан ары жакшыртуу жөнүндө чаралар талкууланды.
Ошондой эле Жапаров америкалык ишкерлер Кыргызстадын соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тыкыр изилдөөгө жана өлкөнүн ишкер чөйрөсү менен өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алат деп билдирди.
«Кыргыз Республикасы инвестиция үчүн ар дайым ачык. Учурда Министрлер Кабинети бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын жүргүзүп жатат. Өлкөдө чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча либералдуу мыйзам базасы түзүлдү», — деп белгиледи Акылбек Жапаров
Мындан сырткары Жапаров президент Садыр Жапаров «Креативдик индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койгонун, Кыргыз өлкөсү мындай документти кабыл алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калгандыгын кошумчалады.
Ал эми жолугушуунун соңунда Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин төрагасы Филип де Леон уюм эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.
Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы апрель айындагы АКШга болгон иш сапарында америкалык ишкерлерди Кыргызстанга таанышуу сапары менен келүү сунушун берген.