Кызыл-Кыяда бир катар имарат пайдаланууга берилди

0
325

Кечээ 24-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын 124 жылдыгына карата Машзавод конушунда жаңы комплексттердин аылуу аземи болуп өттү. Бул туралуу Кызыл-Кыя мэриясы фейсбуктагы баракасына жазды.

Маалыматка ылайык иш чарада 80 орундуу балдар бакчасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү, милиция бөлүмү, дүкөн, мечит пайдаланууга берилди. Мындан сырткары 80 орундуу бала бачанын бардык эмеректери орнотулуп, балдарды кабыл алууга даяр турат.

Комплекс араб инвестору  Ахмад Абдулла Ар-Рашидтин дөмөөчүлүгү астында бүткөрүлдү. Аземге бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 

Аталган комплекс жалпы 19 млн 200 миң сомду түздү. Анын 15 млн сому араб инвесторлору каржыласа, 4 млн 200 миң сом жергиликтүү бюджеттен жумшалган. деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here