Кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы куралдуу жаңжалда үй жайсыз калган жарандарга 87,4 млн сом кенемте төлөндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган каражат “Баткен облусуна жардам” атайын эсебинен жумшалды.
Министрликтин маалыматында бүгүнкү күнгө чек ара окуясынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында ачылган атайын эсебине 328 млн 359 миң 780,68 сом чогулган. Анын 87 млн 424 миң 455 сому үй жайы өрттөнүп, талкаланган жарандардын кенемтеси үчүн сарпталды.