21-22-октябрда бош кызмат орундарына директорлорду тандоо боюнча өткөн тестирлөөдө Бишкек шаарында 60, Ош шаарында 16, Баткен облусунда 52 талапкер босого баллдан өттү.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү.
Баткен облусунда тестирлөөгө 151 киши катышып, алардын ичинен 52 талапкер ийгиликтүү тапшырды.