Чек ара жаңжалында каза болго аскер кызматкерлеринин жакындарына батир берилет жана 1,2 миллион сом кенемте төлөнөт

0
600

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 20-октябрда, президенттин администрациясынын имаратында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек ара айылдарынын тургундары жана өлкөнүн активдүү жарандары менен жолугушуу өткөргөнүн, президенттин басма сөз кызматынан кабарлаган.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди.

Аталган жыйында Президент Садыр Жапаров Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяда каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1,2 миллион сом кенемте төлөнөт жана батир берилет. Ошондой эле жараат алган аскер кызматкерлерине 100-200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин айтты-деп жазды Азаттык сайты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here