Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын 77 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов Оштон Казакстандын Астана шаарына шайтан араба менен барат. Ал жалпы 2016 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт.
Бүгүн Таштановду узатуу үчүн шаардык мэриянын алдында чакан иш чара өттү. Анда шаардык бийлик Мамат атага акчалай жардам көрсөттү.
Шаардык бийлик, мындан эки жыл мурун Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына шайтан араба менен барганын билдирди.