Орусияда мигранттар үчүн жаңы мыйзамдар күчүнө кирди

0
3098

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара жаткан кыргызстандыктарга чек арадан кирүү эрежелерин эскертти.

Министрлик, Россиянын 2021-жылдын 1-июлундагы «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

— Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;

— Россияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулары бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;

— медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында милициянын аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

«Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Россиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Ички Иштер Министрлиги Россияга бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган Федералдык мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт», — деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here