Баткенде уурулук кылып жүргөн эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ушул жылдын 30-сентябрь күнү Баткен шаарынын Мурат Салихов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн белгисиз адамдар тарбынан 2 велосипед уурдалганын билдирип, дүкөн ээси милицияга арыз менен кайрылган.
Анын негизинде Баткен шаарындагы борбордук базардын аймагындагы дүкөндөрдөн буюм уурдап жаткан жеринен Лейлек районунун Өзгөрүш айылынын жана Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургундары аныкталып, тергөө кызманына өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.