6- октябрда Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган жетекчилер, Өзбекстандын Сох районунун акими Сайидбахром Саидмусаев баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Баткен районунун басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Баткендин Боз-Адыр жана Өзбекстандын Сох районунун Шархабад айылдары чектешкен аймакта өттү.
Тараптар, чек ара аймактарында чыр-чатактардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, алака-катышты күчөтүүнү макулдашты. Айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу, жайыт, сууга байланыштуу маселелерди убагында чечүү, окуяны ырбатпоону макулдашты — деп маалымдалды.
Белгилей кетсек,14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен-Халмион-Кадамжай жолу аткыланып жаткандыктан, өзбек бийлиги, кыргыз жарандарын Сох анклавы аркылуу өтүүчү жолдор менен, текшерүүсуз эвакуациялоого мүмкүнчүлүк түзүп берген.