Балбандардын рейтинги жаңыланды. Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчиге көтөрүлдү

0
678

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчиликке чыкты.

Ал 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча рейтингде 55 миң упай менен экинчи орундан биринчиге көтөрүлдү. Ал эми Акжол Махмудов 77 кг салмакта 55 миң упай менен үчүнчү саптан экинчиге чыкты, 77 кг салмакта биринчи орунда түркиялык Юнус Башар турат.

Мындан сырткары, Тынар Шаршенбеков 63 кг салмакта 7-орунга, Амантур Исмаилов 5-орунга көтөрүлдү.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча Арсалан Будажапов 79 кг салмакта экинчи орунга көтөрүлсө, Эрназар Акматалиев 70 кг салмакта 2-орунга, Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта 8-орунда болууда.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-18-сентябрында Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатында алгачкы алтын медаль уткан спортчулар аталды.

Аталган ири мелдештин жыйынтыгы менен балбандардын рейтинги кайрадан түзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here