Бешинчи Көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

0
466

Буга чейин маалым болгондой, Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусунда, кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз бергенин билдирген.

Ага ылайык, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эстафетаны Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу, казакстандык кесиптеши Даурен Абаевге өткөрүп берди.

Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2024-жылы өтүшү керек.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюунун өткөрүүнү Кыргызстан демилгелеп,3 ирет Ысык-Көл жээгинде көчмөндөрдүн жашоосун дүйнөгө даңазалаган. Андан соң иш чараны өткөрүү эстафетасын Түркия алган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь