IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан спортчулары 58 медаль тагынды

0
540

16 алтын, 17 күмүш жана 25 коло. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандык спортчулар 58 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандан барган 148 спортчу, мелдештин 14 түрү боюнча күч сынашты.

Кыргызстандан мелдештин расмий программасына көк бөрү жана алыш күрөшү кирген.

Улуттук спорттун эки түрү боюнча тең, ата мекендик спортчулар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Көк бөрү боюнча курама команда, Казакстандын командасын утуп, 5:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Ал эми көкпар боюнча финалдык таймаштарда Казакстандын командасына бир упай жоготуп, күмүш байгеге ээ болушкан. Оюн 4:3 эсеби менен аяктады.

Бел боо күрөшү боюнча болсо кыргызстандык балбандар 19 медаль утушту.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here