Акылбек Жапаров чек ара аймактарындагы калыбына келтирүү иштери жеке көзөмөлүндө болоорун айтты

0
595

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Баткенге болгон иш сапары уланууда. Бүгүн, 30-сентябрда ал Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай айылынын эли менен жолугушту.
Акылбек Жапаров куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда, жаңы үйлөрдү курууда таза суу, септик, инфратүзүм өңдүү шарттарды эске алууга өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле Ак-Сай айылындагы мектептин имаратын көрүп чыгып, билим берүү мекемесинин маселесин чечүүгө байланыштуу тийиштүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-сентябрда Акылбек Жапаров Лейлек районунун чек ара аймактарында болгон. Анда ал,
«Биз Тажикстан Республикасы менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Жабыркаган бардык турак жайлар жана социалдык объектилер калыбына келтирилет. Облустагы жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү, аны мен жетектөөдөмүн. Бардык калыбына келтирүү иштери менин көзөмөлүмдө турат», — деп билдирген.
Мындан тышкары, аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлүп, ал эми Баткен жана Лейлек райондорунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин маянасы андан эки эсе жогору болоорун айткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here