Кыргызстандын Тышкы иштер министри ШКУнун башкы катчысы менен сүйлөштү

0
491

2022-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Чжан Минг менен телефон аркылуу сүйлөштү.Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулашты. Чек арадагы абал боюнча акыркы маалыматтар эл аралык уюмдун жетекчисине жеткирилди. Ошону менен бирге кыргыз тарап кризисти эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн саясий жана дипломатиялык жол менен тынчтык жолу менен чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын билдирди. Кыргызстан күч жана кырдаалды курчутуу саясатын кабыл албайт.

ШКУнун Башкы катчысы каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына, жайкын тургундарга жана жабыркагандарга көңүл айтып, ошондой эле эки коңшу мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here