Тажикстан Ош облусу менен чектеш аймактан ок атууну баштады

0
2757

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

КР УМКМнын Чек ара кызматы, ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, саат 12:37де тажик тарап кыргыз чек арачыларынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы позицияларын миномет жана артиллериялык түзүлштөрдөн аткылай баштаганын билдирди.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жооп иретинде ок чыгарган.

Бирок, кырдаалды турукташтыруу максатында кыргыз аскерлери ок атууну бир тараптуу токтотту.

Учурда Кыргызстан жана Тажикстан чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here