2022-жылдын 14-сентябры саат 14.40ка карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде эки Тараптын чек ара тарамдарынын ок атышуусу токтоду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты. Ошол эле учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат.
Эки республиканын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда.