2022-жылдын 14-сентябры саат 14.00гө карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде, Тажик Республикасынын чек арачылары, Кыргызстандын Чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын “Достук” чек ара заставасынын чек арачыларын көздөй ок чыгарышты. Бул тууралуу КРнын чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Кыргыз чек арачылары жооп кайтарып ок чыгарышты.
Ок атышуу уланууда.