Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Ленин чокусунда эки альпинист сууктан каза болгонун маалымдады.
Маалыматка ылайык, 28-августта милицияга Ленин чокусунун деңиз деңгээлинен 6 миң 100 метр бийиктикте Россиянын 38 жаштагы жана Ысык-Көлдүн 41 жаштагы жарандары каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.
Учурда ыкчам тергөө тобу, жарандардын сөөгүн Ленин чокусунан түшүрүү иштерин жүргүзүп жатат деп айтылат, маалыматта.