Президент Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик Курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет деп айтылат маалыматта.
Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 25-ноябрында, Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай өтөт.