Кумшекердин баасы төмөндөйт

0
418

Кыргызстанда кумшекердин баасы 78 сомго төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Маалыматта, азыркы учурда мамлекет социалдык жактан маанилүү товарларга,тагыраагы ун, кум шекер, өсүмдүк майы, сүт жана башка товарлардын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чоң көңүл буруп жатат деп айтылат.

Белгилей кетсек, акыркы учурда Кыргызстанга негизинен Индиядан чыгарылган кум шекер алынып келинген, ал эми «Кайыңды Кант» жана «Кошой» ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки азыктан кум шекер өндүрүшөт. Логистикадан улам бүгүнкү базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору.

Учурда кум шекерге болгон бааны кармап туруу үчүн: кошумча нарк салыгынын коюму нөлгө барабар; 105 миң тонна кум шекерди жана чийки кантты ишкерлер алымдарды төлөбөстөн өлкөгө алып келишет; ошол эле учурда кум шекерди башка өлкөлөрдүн ишкерлери сатып албашы үчүн республикадан тышкары ташып кетүүгө убактылуу тыюу салынган.

Бул чаралардын натыйжасында Кыргызстанда кум шекердин баасы башка мамлекеттерге караганда төмөн болду.

Тийиштүү мамлекеттик органдар менен кант өндүрүүчүлөр, соода түйүндөрүнүн ортосундагы макулдашууларга ылайык, кум шекерди калк үчүн жеңилдетилген баада сатуу ишке ашууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here