Баткен облусуна араб инвесторлору заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктарды тапшырды

0
511

Кызыл-Кыя шаарындагы «Ыйман» комплексинин базасында жайгашкан диагностикалык борбор медициналык жабдыктар менен толукталды. Тагыраагы, Кувейт Мамлекетинин Бүткүл Дүйнөлүк «Ар-Рахма-Аьламия» кайрымдуулук фонду жана “Смарт Дженерейшн” коомдук фонду тарабынан 7 млн сомдук заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктар тапшырылды.
Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Иш-чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев да катышып, өз кезегинде көп убакыттан бери иш жүргүзүп келе жаткан кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүнө, Баткен облусунун социалдык экономикалык абалын өнүктүрүүгө, калктын муктаждыктарын чечүүгө көмөктөшкөндүктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жаӊы медициналык жабдыктар Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынын жана коӊшулаш райондордон келген бейтаптардын анализдерин жана диагноздорду так аныктоого шарт түзөт деп айтылат, маалыматта.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Ыйман” комплексинин курулушу 2016-жылы башталган. Мында медициналык клиника, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, жеке мектеп, мечит жайгашкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here