Социалдык сетте тараган видео аркылуу дайынсыз болгон кыз табылды.Бул тууралуу облустук милицядан билдирди.
2022-жылдын 26-июлунда соц сеттеги “Tik-Tok” тармагына белгисиз эки атуул, жашы болжол менен 15-16 жаштагы кызды коркутуп, 10 000 (он миң) сом акчаны кайсы багытта иштеткендигин сурап, ага кол көтөрүп урган видео тараган.
Видеодо көрсөтүп жаткан кыз Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени белгилүү болгондон кийин, бул материал 2022-жылдын 26-июль күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кыздын жашаган турак үйүнө барып сураштырганда төмөнкүлөр билинген.
Көрсө буга чейин видеодогу кыздын апасы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1978-жылы туулган И.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 14-июнь күнү таңкы саат 5 тер чамасында анын кызы 2005-жылы туулган С.Г. дайынсыз болгондугун билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБда катталып, дайынсыз жоголуу факты менен издөө иштери жүрө баштайт.
Милиция кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 28-июль күнү Ош облусунун Ноокат районунан аныкталып, табылып эсен-соо апасына өткөрүлүп берилген.