Акыркы бир жумада, аба табынын кескин жогорулашынан улам, ичеги карын ооруларына чалдыгып, ооруканага кайрылган жарандардын саны өсүүдө. Бул багытта дарыгерлер жарандарды тазалыкты сактоого жана бузулган тамак аштан абайлоону эскертет.
Баткен облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Азиз Ходаяров, күндүн ысыгында бузулган тамактар, жуулбаган, күндүн табы өткөн мөмө жемиштер, көбөйгөн чымын чиркейлер жугуштуу оорулардын негизги себептеринин бири дейт. Ошондуктан тамак ашты муздаткычта сактоо менен идиш аяктардын бетин жабык кармоо керек. Андан сыртькары колду бат-баттан жууп туруу керек дейт дарыгер.
Ич өткөктүн жазда көбөйүүсүнүн себеби козгогуч микроптор 37 градуста жанданып тез көбөйөт, адамдын ички табы 37 градус болгондуктан, адамдын ичине кирген микроб, оптималдуу температура болот да, анын көбөйүүсүнө жакшы шарт тузулөт. Ооруну алгачкы белгилери кусат, ичи өтөт, дене табы көтөрүлөт деп кошумчалады Азиз Ходаяров.
Азыркы учурда көбөйгөн менен жалпы жылдык статистикада, ич өткөк менен ооруган балдардын саны жылдагыдан аз. Ага себеп 2020-жылдан тарта, жаңы төрөлгөн балдарга ич өткөккө каршы эмдөө берилип жатат дейт дарыгерлер.