Баткенде 100 миң сомдук аткезчилик жүктү алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Унааны текшерүү учурунда колго жасалган, буга чейин колдонулган үч электр пилорамасы абылган. Товардын баасы 100 миң сомду түзгөн.Кармалган жаран электр пилорамаларын
Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган.
Натыйжада кармалган жаранга 60 миң сом айып салынган. Андан ары эки эселенген 24 миң 500 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.
Транспорт каражатына карата материалдар сот органдарына конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн өткөрүп берилди деп айтылат маалыматта.