Баткенде 6 айда 6 оор кылмыш катталган

0
517

2022-жылдын 6 айында 585 кылмыш катталып, 512синин бети ачылылган. Натыйжада былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын бетин ачуу 21%га жогорулаган .

Оор жана өзгөчө оор кылмыштардан 6 ай ичинде 6 кылмыш катталып, баарынын тең бети ачылган. Ал эми адам өлтүрүү фактыларынан 4 факты катталып, төртөөнүн тең бети ачылган.

Баткен облустук милициясынын 2022-жылдын жарым жылдыгын жыйынтыктаган кеңешмесинде айтылды.

Облустук милициясынын жетекчиси Мурат Боронов коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана күрөшүүдө милиция кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды койду,ал эми кемчилик кетирген кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here