Эртең, 26-июлда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун экинчи жарым финалдык беттеши өтөт. Бул тууралу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Жарым финалда Оштун “Алай” клубу менен Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы беттешет.
Мелдеш саат 18:00дө башталат.