Кыңыр иш кырк жылда билинет: 8 жыл мурда кожоюунуна бычак сайган жаран кармалды

0
751

Кадамжайда 8 жыл мурда кылмыш жасап, издөөдө жүргөн жаран кармалды.

Ош облусунун Ноокат районунун Гүлистан айылынын 1971-жылы туулган тургуну 2014-жылы Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Ормош айылында навайкана иштеп жүрүп, навайкананын ээси 38жаштагы жарандын денесине бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жогорудагы факт боюнча издөө иштери ачылып, бейбаштык кылып изин жашырып жүргөн жаран 2022-жылдын 7-июль күнү Сүлүктү шаарынан аныкталып кармалды.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат деп билдирди облустук милициянын басма сөз кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here