Кадамжайда 4,5 тонна кара куурай жок кылынды

0
763

Баткенде МАК-2022 иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат. Жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштөө тобун түзүп, иш алып барууда.

Кадамжай районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери Кадамжай шаарынын Каңды, Үч-Коргон айылынын Боз аймагындагы талаалар жана үлүш жерлерде жапайы өскөн кара куурайды бригадалар менен биргеликте орушуп, өрттөп жок кылды.

Мындан сырткары бул аймактарда мурда наркотикалык кылмыш менен соттолуп келип, каттоодо турган атуулдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Кара куурай өскөн жалпы 3,5ГА жер аянты орулуп, жалпысынан 4,5тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here