Ошто 3,5 баллдык жер титирөө болду

0
480

Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 1-июлда таңкы саат 07:49да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң Алай районундагы Кара-Шыбак, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек айылдарында 3 балл, Шибээ, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here