Кадамжайда үй-бүлөлүк чатактан улам жубайлар каза болду

0
1237

2022-жылдын 19-июнь түнү болжол менен 04:00 чамаларында, Кадамжай шаарындагы Металург көчөсүндө жайгашкан үйдө, 1987-жылы туулган жаран өзүнүн жолдошу менен өз ара пикир келишпей урушуп кетишкен.

Жолдошу 1987-жылы туулган жаран ашкана бычагы менен жубайын денесине бир нече жолу сайып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.

Натыйжада кылмышка шектүү жолдошу, Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын айылдарынын бириндеги бүтө элек үйүнө барып, үйдүн экинчи кабатында өзүн-өзү асып каза болгон жеринен табылган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат деп билдирди, Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here