Мамычага ууру деп байланган жарандын видеосу тарады

0
691

Кечээ 20-июнда Бишкекте электр мамычасына эркек кишинин байланып турганы тартылган видео интернет тармактарында тараган. Ал жарандын төшүндөгү баракта “ууру” деп жазылган.

Ошол эле күнү жергиликтүү тургундар уурулукка шектүү адамды кармашканы тууралуу милицияга кабарлаган.
Милиция окуя болгон жерге барып, Ак-Ордо конушунда жергиликтүү тургундар телефон, үй буюмдарын уурдоого шектүүнү кармап, мамычага байлап коюшканын аныкташкан.

Аталган факты каттоого алынып, 57 жаштагы шектүү,тергөө кызматына өткөрүлгөн.
Ал эми бугун 21-июнда, кармалган адам психикалык жактан жабыркайт деп билдирди, Чүй облустук милициясынан.

Анын туугандарынын айтымында, психикалык ооруканада каттоодо турат. Шектүүнүн туугандары соцтармакта тараган видеого байланыштуу арыз жазуудан баш тарткан.
Шектүү 20-июнда конуштагы үйлөрдүн бирине кирип, бут кийимдерди жана уюлдук телефонду алып чыккан. Материалдык чыгымдын суммасы 14 миң 500 сомду түзөт деп айтылат, маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Мындан сырткары, маалыматта жергиликтүү тургундардын аракетине дагы юридикалык баа берилээри айтылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here