Буга чейин Талас облусунда дыйкандар насыяга алган арпа үрөндөрүн кара көө каптап жатканын айтып чыгышкан.
“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев Таластын Манас районунун эки айыл өкмөтүндө вакула сортундагы арпада кара көөнүн болушу байкалгандын ырастады.
277 тонна көлөмдөгү үрөн Россиядан келишим менен алынган. Үрөн 13 районго бөлүштүрүлгөн
Мукашевдин айтымында, кара көөнүн биринчи фактысы катталгандан кийин “Семена Ставрополья” фирмасына чара көрүү боюнча маалымат жиберилген.
20-июнда аталган фирманын жетекчилиги Кыргызстанга келээри, компенсация маселеси сүйлөшүлөөрү айтылды.
Азамат Мукашев жаратылышта бул сыяктуу оорулар дайыма болуп келерин белгилеп, бул учурда алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин кошумчалап кетти.
Министрликтин өкүлү Дамир Байдалиев болсо, кара көө эки жылда өнүгөөрүн,бир гана түшүмдү кийинки жылы үрөн катары пайдаланууга болбойт турганын,аны дыйкандар чарбалык багытта пайдаланса болоорун, эч кандай чыгым болбой турганын билдирди.