16-июнда Баткенде жалпы салмагы 23,5 тонна минералдык жер семирткич жана 9 миң литр күн карама майын аткезчилик жол менен алып бараткан эки унаа кармалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Документтерди текшерүү учурунда жүктөрдү коштоочу документтерде минералдык жер семирткичтер гана көрсөтүлүп, өсүмдүк майы селитра салынган мүшөктөрдүн астына катылгандыгы аныкталды.
Мындан сырткары, Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа Раззаков шаарынан Лейлектин Арка айылын көздөй бара жаткан.
Тажикстанга өткөрүү үчүн 3,5 тонна эт фаршын жүктөп бара жаткан унаа Самаркандек — Маргун айланма жолунан кармалган.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.