Ишкер айым милицияга автоунаа тапшырды

0
817

Баткен облусунун Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө Айдаркен шаарынын тургуну DESTE Official ютуб каналынын жетекчиси, жеке ишкер Калматова Гүлдесте кызматтык колдонуу үчүн ВАЗ2107 үлгүсүндөгү  автоунаа тапшырды.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди

Жеке ишкер,шаар аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу экендигин, ошондой эле өзгөчө кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү, сапаттуу, так аткаргандыгына ыраазы экендигин белгиледи деп айтылат, маалыматта.

Кадамжай райондук милициясынын жетекчилиги тарабынан милицияга колдоо көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык каты тапшырылды.

Тоолуу аймакта жайгашкан “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсү Бирлик, Алга айыл аймактарынын,  27500 калктын коопсуздугун камсыздайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here