Бүгүн кыргызстандык зыяратчылар Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Медина шаарына сапар алышты.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
Жалпы 405 жаран ажылык ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жатса, аларды 8 ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер да кошоп барат.
Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 2766 адам барат.