Баткенде курал жарак сакталган жай табылды

0
970

Баткен облусунун Кадамжай районунда курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кадамжай районунун тургуну кармалып, жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

«Тинтүүнүн натыйжасында 220дан ашуун  ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана граната, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here