Муфтият коомчулукка кайрылып, куран менен ойнобоого чакырды

0
550

Анда, Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени ыйык Куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Алланын каарын алып келет. Алланын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт.

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок.

Динди, Куранды билбеген инсан Куран аятын окуп, анын түпкү маанисине түшүнбөй туруп чечмелөөсү туура эмес. Ар бирибиздин Алла Тааланын алдына баруучу күнүбүз алыс эмес. Курандан колуңарды тарткыла! Акыл жетпеген иште, адис менен кеңешүү керек. Аллахтын сөзүн саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин. Ыйык китеп менен каада күтүп, добуш алам деген арам оюңардан кайтып, кеч боло электе тообо кылгыла!деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек буга чейин Жогорку Кеңеш кумарканаларды ачуу боюнча  мыйзам долбоорун биринчи окууда  колдогон. Анда депутат Арсланбек Малиев колуна Куран китебин алып, кумар оюндарынын “бир аз пайдасы бар” деп жазылганын айткан. Депутаттын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here