Ысык-Көлдө 44 жаштагы аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду

0
666

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Райондук оорукананын реаниматолог дарыгеринин маалымытында,аял  баш мээсине оор жаракат кеткендиктен комага түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл райондук милициясынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары жабырлануучунун жолдошу 50 жаштагы жаран аныкталып,  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмышка шектүүнү суракка алууда 9-майда саат 20-21 чамасында жубайлардын ортосунда чыр-чатак чыгып, шектүү мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон.

10-майда эртең мененки саат 6:00дө 2002-жылы туулган уулу үйүнө келип, апасынын эс-учун жоготгон абалында таап, тез жардам чакырган. Ал эми 11-майда аял эсине келбестен каза болгон.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here