Сүлүктүдөгү тойдо 32 адам тамакка ууланды

0
1116

Сүлүктү шаарында кыз узатуу учурунда 32 адам тамакка уулануу күмөнү менен ооруканага түштү.

Сүлүктү шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматында, 11-майга карата алардын 13ү ооруканада жатат,19 үй шартында дарыланууда.

Маалым болгондой  8-майда «Рахат» кафесинде 180 адамдын катышуусунда кыз узатуу болгон.

10-майда, Санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери «Рахат» кафесине барып, текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 8-майда конокторго эти менен плов, төрт түрдүү салат, үй токочтор, таттуулар, мөмө-жемиштер жана суусундуктар берилген. Пловду кафе өзү жасаган, ал эми салатты уюштуруучу тарап алып келген.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Аталган мекемеге Укук бузуулар кодексине ылайык, 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here