Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы аныкталды

0
614

Баткен облусундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдын 27-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл өкмөтүнө караган 34,5 га жер тилкеси «жайыт» категориясынан «Калктуу конуштар» категориясына которулган.

Бул буйруктун негизинде Халмион айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылдан 2021-жылга чейин жеке турак-жай куруу үчүн «Ирелеш» конушунан жалпы 50 жер тилкеси бөлүнүп, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан бул тилкелерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

Аталган факты боюнча кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here