Өзбекстанга жүк алып бара жаткан өзбек жараны кармалды

0
992

Бажычылар, Өзбекстанга жүк алып бара жаткан учурда өзбек жарандын башкаруусунда «ISUZU SAZ NQR 71PL» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен.

Текшерүүдө эч кандай жүк коштоочу документтери жок 3 даана «жумуртка үчүн конвейер» жана 1 даана «канаттуулар үчүн акыркы октук желдеткич» товарлар табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 124 000 сомду түзгөн.

Дагы бир бажы укук бузуу фактысы, Кадамжай районунда «С.Б.С.» жаранынын башкаруусунда «Mercedes-Benz Sprinter 313» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда документтери жок жалпы салмагы 604,7 кг болгон «жез» товары табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 330 миң сомду түзгөн.

Чогултулган фактылар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди- деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here