Баткенде 90 жаштагы эне үчүн турак үй курулууда

0
1174

Баткендин 90 жаштагы тургуну, Абилова Ташбүбү апага турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Ташбүбү апанын туруктуу жашаган турак жайы жок болгондуктан, 53 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен кароосуз калган ар кандай эски үйлөрдө баш калкалап келген.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн  тапшырмасына ылайык, апанын кызы Тажигүл  Абиловага Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр айылынан турак жай салуу үчүн 10 сотых жер участогу бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, облус башчысы 31-август  Эгемендүүлүк майрамына карата курулушту аяктап, жаңы конушка үй ээлерин көчүрүп келүү боюнча жалпы жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, аталган турак үй  Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаевдин демилгеси, каржылык колдоосу жана облустук мекеме, ишканалардын жетекчилеринин салымы менен курулууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here