Кадамжай районунун Шаады айылында 100 балага ылайыкташтырылган “Үмүт” жеке менчик балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Салам Медианын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалыматка караганда, бала бакчада менталдык арифметика жана орус, ангилис тилдери үйрөтүлөт. Учурда 60 бала балдар бакчасына кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Кадамжай районунда үй тибинде ачылган 4, ал эми 7 жеке менчик балдар бакчасы бар.