Баткенде Р-4 каналынын ачылыш аземи өттү

0
1154

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жалпы  узундугу 46 км канал курулду. Анын ичинде   16км  эски канал толугу менен кайра курулуп, сыйымдуулугу эки эсе жогорулады. 30 км ички чарбалык канал жаңыдан курулду.

Долбоордун сметалык баасы 500,0 млн.сом. Натыйжада  1500 га жер өздөштүрүлдү. Мындан сырткары   1540га сугат жерди суу менен камсыздоо жакшырды. Курулуш Кытай Эл Республикасы тарабынан грант катары каржыланды.

Долбоордун алкагында  28,5 га жер аянтына тамчылатып суугаруу системасы да курулуп бүткөрүлүп, муниципалдык бакка айланды. Курулуштун баасы — 76,9 миллион сом.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here