18-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт деп билдирди Кыргызгидромет борбору.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-6, күндүз 1…6;
Баткен Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;
Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;
Бишкек шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7 градус жылуу болот.